Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:07

Бир аптада 136 кыргызстандык Орусиядан чыгарылды


Москва шаары. Архив сүрөт.
Москва шаары. Архив сүрөт.

Өткөн аптада 136 кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн Орусиядан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков "Азаттыкка" билдирди. Ал Сахарово айылындагы убактылуу кармоочу жайында ушундай эле негизде жүздөй кыргызстандык кармалып турганын кошумчалады.

"Буга чейин Сахарово айылындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда кыргызстандыктар узагыраак кармалып жатат деген маалымат чыккан. Биз жума сайын барып, кимдер, эмне себептен кармалганын тактап турабыз. Андай маалымат туура эмес экенин көрдүк. Ал жерде дайыма эле 100дөй Кыргызстандын жараны болот. Кээде азаят, кээде көбөйөт. Биз барып кеткенден кийин же өздөрүнүн пландуу иштериби, кыска убакыттын ичинде убактысы келген 136 адамды өлкөдөн чыгарыптыр. Бул күнүмдүк болуп жаткан жараян. Азыркы учурда дагы жүзгө чукул кыргызстандык ошол жайда жатат", - деди миграциялык өкүлчүлүктүн жетекчиси.

Акматбеков кыргызстандык мигранттардын арасында Орусияда алты айлап, бир жылдап документтерин толуктабай, каттоого турбай жүргөндөр бар экенин кошумчалады.

Социалдык тармактарда Орусиядан бир жумада эле кеминде 140тай киши депортация болгонун, 60тай жаран Москвадагы кафелердин биринде ооз ачып жаткан учурда кармалганын жазышкан. Акматбеков соңку кармоолор тууралуу маалымат бар экенин белгилеп, алардын саны Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен бирге такталып жатканын айтты.

Соңку жылы Орусияда миграцияга байланыштуу бир катар жаңы талаптар кирди. Бул өлкөгө 2021-жылдын аягына чейин келген чет элдиктер, анын ичинде кыргыз жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин медициналык кароодон өтүп, бармак изин каттатып, сүрөткө түшүшү керек болгон. Бул үчүн Москвадагы жарандар шаардан 70 чакырым алыстагы Сахароводогу көп функциялуу миграциялык борборго барып, узун кезек күтүшкөнүн айтып нааразы болушкан.

Былтыр аталган борбор аркылуу эки миңден ашуун кыргызстандык Орусиядан чыгарылган. (КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG