Британия БУУнун Орусия чакырган жыйынын чагылдырууга каршы чыкты

Эл аралык кылмыш соту издөө жарыялаган Мария Львова-Белова. Москва, 16-февраль, 2023-жыл

Британия БУУнун Коопсуздук кеңешинин видео көрсөтүүсүн бөгөттөдү.

5-апрелде Орусиянын чакыруусу менен өткөн жыйында ал өлкөнүн балдар Омбудсмени, Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту издөө жарыялаган Мария Львова-Белова сүйлөмөк.

Британ делегациясынын билдирүүсүндө: “Львова-Белова украиналык балдардын мыйзамсыз депортациясы үчүн жооптуу деп болжолдонууда. Ага жалган маалымат таратуу үчүн БУУнун трибунасы берилбеши керек. Өз аракеттери тууралуу отчет бергиси келсе, аны Гаагада жасай алат”, - деп жазылганын Рейтер агенттиги билдирди.

Британ элчиси ал жыйынга катышуудан баш тартты.

Ушул айда БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кылган Орусия шаршемби күнү "балдарды жаңжал аймагынан эвакуациялоо" деген темадагы бейрасмий жыйын уюштурууда.

The New York Times жазганына караганда, видео берүүнү бөгөттөө ал эч жерге сакталбайт дегенди билдирет. Аны тартуулоо үчүн кеңештин бардык 15 мүчөсү макулдук берүүгө тийиш.

Орусиянын БУУдагы элчисинин орун басары Дмитрий Поляков Омбудсмендин сөзүнүн алтернативдүү көрсөтүүсү уюштуруларын Твиттерге жазды.

17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту орус президенти Владимир Путинди жана Мария Львова-Белованы камоо ордерин чыгарган. Алар оккупацияланган украин аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялоого жооптуу деп айыпталган. Мындай аракет согуш кылмышы болуп эсептелет.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт. Өз дарегине айтылган айыптоону чекте кагып, Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгогон.

Дагы караңыз

Машиев “Акун” пансионаты мамлекетке өткөрүлбөгөнүн билдирдиЕвропалык ири компания өзбек өкмөтүн арбитраждык сотко бердиЕвропа өнүктүрүү банкы Оштогу каналды оңдоого 17,8 млн. евро бөлөт