Жазуучу Олег Бондаренко дүйнөдөн кайтты

Олег Бондаренко.

4-апрелде Бишкекте жазуучу, редактор, “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайтынын негиздөөчүсү, теги украиналык Олег Бондаренко каза тапты.

Ал 1960-жылы Украинада жарык дүйнөгө келген. 1982-жылы Донецк университетинин каржы жана насыя бөлүмүн аяктаган. 1992-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Бишкекте жашады. Ар кандай басылмаларда кабарчы болуп да эмгектенген.

Замандаштарынын маалыматына караганда, маркум акыркы жылдары рак (ашказан рагы)менен ооруп жүргөн.

2008-жылы “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайтын негиздеп, жазуучулар үчүн чыгармаларын жарыялоого мүмкүнчүлүк берген онлайн аянтча түзгөн. Борбор Азиядагы ачык онлайн-китепканага айланган сайтты өмүрүнүн аягына чейин иштетти.

2010-жылы Китеп чыгаруучулардын жана китеп жайылтуучулардын ассоциациясын башкарган.

Философиялык жанрдагы илимий иштердин үстүнөн иштеп, “Өмүр. Эволюция. Панволюция”, “Жылдыздар жана арбактар”, “Этностун аман калуу философиясы” сыяктуу 10 чакты китеп чыгарган. (BTo/NbA)

Дагы караңыз

Чүйдө 20 жылда жерге байланыштуу 2000ден ашык иш козголдуАлександр Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кетти"Бешинчи канал" жана "Пирамида" каналдарын жоюу боюнча иш башталды Кыйноону алдын алуу борбору Токтогулда шектүү кыйноого кабылганын билдирди Турдубекова милиция Фейсбуктагы баракчасын бөгөттөө аракетин көргөнүн айтып чыкты Президент Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду