Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда күн ачык болот

Нарын облусу, Кел-Суу.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 4-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде күн күркүрөп, жамгыр себелесе, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 11…16 градус жылыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 6-8 метрден, 14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 19…21° жылуу болот. (TAb)

Дагы караңыз

Базар-Коргондо 14 жаштагы өспүрүм төрт күндөн бери табыла элекИИМ маңзат соодасына байланыштуу үч киши кармалганын билдирдиЮНЕСКО Украинанын маданий инфратүзүмүн коргоого алатОшто көчөдө жарамазан айткан балдардын ата-энелери айыпка жыгылды