Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

ЮНЕСКО Украинанын маданий инфратүзүмүн коргоого алат


ЮНЕСКОнун башкы директору Одре Азуле жана Украинанын президенти Владимир Зеленский . Чернигова 3-апрель . 2023
ЮНЕСКОнун башкы директору Одре Азуле жана Украинанын президенти Владимир Зеленский . Чернигова 3-апрель . 2023

Орусиянын баскынчылыгы башталгандан бери Украинанын маданий мурасына жана ушул тармакка 2,4 миллиард евролук зыян келтирилип, өлкө маданият, искусство жана туризмден түшчү 13,9 миллиард евролук кирешесин жоготкон.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча корунун (ЮНЕСКО) 3-апрелде жарыялаган баяндамасында белгиленген. Ага ылайык, 22-мартка карата Украинада кеминде 248 маданий объект жабыркады же жок кылынды.

Ушул тапта уюмдун башкы директору Одре Азуле эки күндүк иш сапары менен Украинада жүрөт. Ал Киев жана Черниговдо болуп, бүгүн Одессага барат. Январь айынын соңунда Одессанын тарыхый борбору дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген жана маданий объектилери Орусиянын аткылоосунан коргоого муктаж.

ЮНЕСКО өзүнүн расмий сайтына Украинанын ар бир шаарындагы кыйроолор тууралуу маалыматты чыгарууда. France-Presse агенттиги жазгандай, Одрэ Азуле маданий эстеликтерди калыбына келтирүүгө зарыл каражатты 6,4 млрд. евро деп баалаган.

ЮНЕСКО Одесса мамлекеттик архивине миңге жакын көркөм жана даректүү фондун санариптештирүү үчүн жабдууларды берди. Имараттарды жана ачык асман алдындагы искусствону коргоо үчүн жабдууларды тапшырды.

Француз радиосу билдиргендей, Одесса ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинин өзгөчө коргоосуна алынган жетинчи украин маданий объекти болуп саналат.

Согуштун алгачкы айларында бузулган Черниговдун борборун кошкондо дагы алты объект ЮНЕСКОнун “болжолдуу” тизмесине кирген. Бул жерлерди Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн украин бийликтери арыз бериши керек.

Негизинен Харьков, Донецк жана Луганск облустарында маданий инфрастүзүмдөр кыйроолорго учураган. Бул жакка жалпы катталган кыйроонун 60 пайызы туура келет.

Буга чейин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Украинанын бир дагы объекти аскерий аракеттерден жабыркабаганы расмий сайтында белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG