Базар-Коргондо 14 жаштагы өспүрүм төрт күндөн бери табыла элек

Өспүрүмдү издөө иштери. 4-апрель, 2023

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Ак-Булак айылында 14 жаштагы өспүрүмдү издөө уланып жатканын билдирди.

Куткаруучулар төрт күндөн бери издөө ишин жүргүзүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 112 кызматына 2009-жылы туулган М.Ф жоголгону тууралуу маалымат түшкөн жана издөө 1-апрелде башталган.

Ишемби күнү өспүрүмдү куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган жүздөй адам издеген. Тоо-таш, талаа-түздөн издөө иштери 4-апрелде дагы уланып жатат.


Министрлик өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз кеткенин билдирип, анын кандай жагдайда жоголгонун тактаган жок. (КЕ)

Дагы караңыз

Ошто көчөдө жарамазан айткан балдардын ата-энелери айыпка жыгылды"Бешинчи каналдын" кызматкерлери Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоштуПрезидент бийлик өкүлдөрү шайлоого кийлигишпей турганын айттыУкраин бийлиги орусиялык күчтөр Одессага сокку урганын билдирдиТранспорт министрлигинин алдында жол белгилерин чыгарган цех ачылды