Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Украин бийлиги орусиялык күчтөр Одессага сокку урганын билдирди


Одессанын администрациясы 4-апрелге караган түнү аймакка орус армиясы учкучсуз учактардын жардамы менен сокку урганын билдирди.

"Абадан коргонуу күчтөрүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча атып түшүрүүлөр бар", - деп билдирди облустун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Крук Фейсбук баракчасына.

Мурдараак украин ЖМКлары Одессада бир нече жарылуу болгонун кабарлашкан. Жарылуу тууралуу маалыматтан кийин аймакта аба коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланган.

Учкучсуз учактардын соккусунан кийинки кесепеттер тууралуу маалымат айтыла элек.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү шейшембиге караган түнү орус армиясы Ирандын "Шахед-136" жана "Шахед-131" учкучсуз учактарын колдонуу менен Украинага түштүк багыты боюнча чабуул жасаганын билдирди.

"Жалпы жонунан Азов деңизинин чыгыш жээгинин аймагынан 17ге чейин учкучсуз учактар учурулган", - деп айтылат маалыматта. Украин армиясынын маалыматына караганда, Ирандын 14 дрону жок кылынды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG