Бишкектеги Горький көчөсүнүн аталышын өзгөртүү каралууда

Бишкек.

Бишкекте Максим Горький көчөсүн Шейх Заид бин Султан Аль Нахаян көчөсү деп өзгөртүү маселеси талкууланууда.

Бул тууралуу Бишкек башкы архитектура мекемесинин басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлады.

Маалыматка караганда, бул маселени шаардык бийлик органдары талкуулап жатат.

“Көчөнүн аталышын өзгөртүү маселесин комиссия карай элек”, - деп айтылат маалыматта.

Заид ибн Султан Аль Нахайян– Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти (1971-2004), Абу-Дабинин 17-эмири (1966-2004).

Былтыр ноябрь айында Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымы ыйгарылган. (КЕ)

Дагы караңыз

"Бешинчи каналдын" кызматкерлери Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоштуПрезидент бийлик өкүлдөрү шайлоого кийлигишпей турганын айттыУкраин бийлиги орусиялык күчтөр Одессага сокку урганын билдирдиТранспорт министрлигинин алдында жол белгилерин чыгарган цех ачылды