Балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдарды мектепке 1-класска кабыл алууга электрондук каттоо апрель айында башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта тургундар жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этапта дарегине карабай (26-июндан 31-августка чейин) каттоого турса болот.

"Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Мындан сырткары 10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору (110) иштей баштайт.

Өкмөт мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында 2014-жылы бала бакчаларга, 2019-жылы мектепке электрондук кезекке туруу системасын пилоттук негизде ишке киргизген. Азыр мектепке кабыл алуу ушундай тартип менен жүрөт.

Ата-энелер mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлтүккө учурап жатат деп арызданган учурлар да бар. Өлкөдө 2 357 мектеп иштейт. (КЕ)

Дагы караңыз

УКМК 13 кишини Суу фондунун жерин мыйзамсыз бөлүп берген деп айыптоодо Президенттин администрациясында кызматкерлердин саны азайдыАлматыда мурдагы ИИБ башчысына сыртынан издөө жарыяландыБлинкен Лавров менен сүйлөшүүдө журналист Гершковичти тез арада бошотууга чакырды