Президенттин администрациясында кызматкерлердин саны азайды

Президент Садыр Жапаров.

Президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны кыскартылды. Бул тууралуу администрациянын басма сөз кызматы билдирип, мындай кадамды чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун арттыруу жана бюджетти натыйжалуу пайдалануу аракети менен байланыштырды.

Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскартылып, 259 адамды түздү. Айрым бөлүмдөр бириктирилип, бир катар кызматтар жоюлду.

Садыр Жапаров 2021-жылы президенттин аминистрациясынын, министрликтердин, комитеттердин, административдик бөлүмдөрдүн, жергиликтүү мамлекеттик мекемелердин штаттык санын 30% чейин кыскартуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Кыргызстанда буга чейинки бийликтегилердин да тушунда мамлекеттин чыгымын азайтуу үчүн мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтуу демилгеси көтөрүлүп келген. (BTo)

Дагы караңыз

Алматыда мурдагы ИИБ башчысына сыртынан издөө жарыяландыБлинкен Лавров менен сүйлөшүүдө журналист Гершковичти тез арада бошотууга чакырды Ногойбаев түз эфирде айткан сөзүнө түшүндүрмө берип, кечирим сурадыЧерногорияда 37 жаштагы Яков Милатович президенттик шайлоодо уттуТатарскийдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголдуҮч, төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сом сүйүнчү берүү сунушталды