Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 4-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -1…-3° болуп үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…+2.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° болот.
Дагы караңыз
Жер мунапысы: "Кадастрдын" Аламүдүн районундагы жетекчиси кармалдыБишкекте Ногойбаевдин отставкасын талап кылган акция өттүБишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимдин мөөнөтү дагы узартылдыУлуттук банк валюта базарына дагы 45,2 миллион доллар саттыОрусияда Татарскийдин өлүмүнө шектүүлөр аныкталганы кабарландыИИМ: Түптүн тургунунан 20 килограммга жакын баңгизат алынды