Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кыла баштаганын катуу сындап, муну" кыйратуучу жана абсурд кадам" деп атады.
Ишембиде кеңеште бир айга жетекчилик кылуу вазийпасы Орусияга берилген. Ал арада Бахмут шаарынан борбордук бөлүгү үчүн кармаштар жүрүп жатканы кабарланды.
1-апрелдин кечиндеги видеокайрылуусунда Зеленский: «Террор үчүн жооптуулар эл аралык институттарда жетекчилик кылуунун ордуна жасаган иштери үчүн жооп берүүгө тийиш», - деп билдирди.
Украин президенти Орусия анын өлкөсүнө каршы жүргүзүп келаткан баскынчы согушта карапайым кишилер, анын ичинде балдардын өмүрлөрү кыйылып жатканын эске салды:
“Орусиянын армиясы Авдеевкада украиналык дагы бир баланы – беш айлык наристени өлтүрдү. Ошол эле маалда Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кылууда”.
Зеленскийдин айтымында, мындай көрүнүш кеңештин эл аралык орган катары "банкрот" болгонун айгинелейт. Украин мамлекет башчысы глобалдык уюмдар, арасында Коопсуздук кеңеши реформаларга муктаж деген оюн ортого салды.
Көптөгөн далилдерге карабай, Москва Украинада жөн-жай тургундарды, жарандык инфтраструктураны бутага алганын танып келет.
Дагы караңыз "Коюлган сөөктөр миңден ашты". "Вагнердин" көрүстөнү күн сайын кеңейүүдөПрезидентке чейин украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын төрагалык кылуусун "эл аралык коомчулукту бетке чабууга" теңеп, жаңылыкты "биринчи апрелдеги эң начар тамаша" деп айткан:
“Эл аралык коопсуздуктун фундаменталдуу эрежелерин такай бузуп жаткан өлкө эл аралык коопсуздукту сактоону максат кылган органды жетектейт”.
Зеленскийдин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляктын пикиринде, бул кадам «эл аралык укукту одоно бузат», «БУУнун Уставын талкалайт».
Европа биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Жозеп Боррел: "Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кылууда. Бул – күлкү күнүнө жарашат. Орусия кеңештин туруктуу мүчөсү болгону менен, уюмдун Уставынын маңызын дайыма бузуп келет", - деп Твиттерге жазды. Дипломат шаркет Москванын ыйгарымдарынан кыянат пайдалануусуна туруштук берерине ишендирди.
Эстониянын БУУдагы элчиси Рейн Таммсаар Латвия жана Литванын атынан сүйлөп, Орусиянын төрагалыгын “бул органдын аброю, натыйжалуу иш алып баруусу үчүн уят, кемсинтүүчү жана кооптуу” көрүнүш деп сыпаттады.
Дагы караңыз Украина: Днепр баллистикалык ракета чабуулуна кабылдыАл эми АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд 30-мартта AFP агенттигине берген маегинде Орусия өзүн “кесипкөй” алып барат деп күтөрүн айтып, бирок “Украинага, АКШга жана өнөктөштөргө каршы жалган маалымат таратуу кампаниясын илгерилетүүгө аракет кылышы ыктымал” деп эскертти.
Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя тышкы иштер министри Сергей Лавров 24-апрелде Нью-Йорктогу баш кеңседе жаңы дүйнөлүк тартипти талкуулай турганын билдирди.
Орусия былтыр февралда Украинага кол салгандан бери биринчи жолу Коопсуздук кеңешинде төрагалык кыла баштады. Москва эч кандай негизсиз согуш ачуу менен башка мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүнө же саясий эгемендигине каршы күч колдонуудан карманууну талап кылган БУУнун Уставын бузду.
Орус аскерлери Украинага басып киргенден бир нече саат өткөндө БУУнун Башкы ассамблеясы Москвадан урушту дароо токтотууну талап кылган резолюцияны көпчүлүк добуш менен кабыл алган.
Бирок Коопсуздук кеңешинде ушундай эле документтин кабыл алынышын Орусия бөгөттөгөн.
Мындан тышкары бир нече жума мурун Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту орус президенти Владимир Путинди камоого ордер чыгарган.
Президент украин балдарын Орусияга мыйзамсыз депортациялоого жооптуу деп айыпталган. Бул – согуш кылмышы болуп эсептелет. Орус бийлиги айыптоону чекте кагып, Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгогон.
The Guardian гезитинин маалыматына ылайык, АКШ, Британия жана Франция Орусия төрагалык кылган мөөнөттө өздөрүнүн ал органдагы өкүлчүлүгүнүн денгээлин төмөндөтүшү ыктымал. Ошол эле маалда муну бойкот деп атоого болбойт.
Төрага-өлкөнүн макамы көп жагынан формалдуу болуп эсептелет. Кеңештин 15 мүчөсү кезектешип бир айдан жетекчилик кылат. Орусия АКШ, Британия, Кытай жана Франция менен катар туруктуу беш мүчөнүн бири.
Ал арада украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 2-апрелдеги бюллетенинде орус армиясы мурдагыдай эле Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багыттарында чабуул коюп келатканын билдирди. Штабдын маалыматына караганда, аскерлер акыркы 24 саатта ал жактарда 70 чабуулдун мизин кайтарышты.
Каршы тарап Бахмутту алуу аркеттерин улантып, шаардын борбордук бөлүгүндө кармаштар жүрүп жатканы кабарланды.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин кызматы жекшембиде Донецк облусундагы Константиновка шаарынын борбору аткыланганда кеминде үч киши окко учканын, алтоо жарадар болгонун жазды. Жергиликтүү бийлик жер тамдар жана көптөгөн көп кабаттуу турак жайлар зыян тартканын билдирди.