Ош шаарында адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөн дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.
Маалыматка караганда, кармалган адам киши өлтүрүүгө катышкан уюшкан кылмыштуу топтун негизги мүчөлөрүнүн бири. Ал күнөөнү моюнуна алган көрсөтмө берген.
Милиция кылмышка шектүү бир жаран издөөдө экенин билдирди.
13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаганы маалым болгон.
Бул кылмышка шек саналгандар арасында "Женго" деген каймана ысым менен таанылып, буга чейин оор беренелерге айыпталып, бир нече жолу соттолгон Кадыр Досонов да бар.
ИИМдин маалыматына караганда, уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү каттоодо турат. 2022-жылы алардын 153 мүчөсү кармалган. (КЕ)
Дагы караңыз
Украин аскерлери Бахмутка жасалган 28 соккунун мизин кайтардыОшто ууланган окуучулардын абалы канааттандырарлык экени белгилүү болдуISW: Иран Орусияга курал-жарак берүүнү көбөйтүшү мүмкүнМуфтият ажыга баруу алдында эмдөөдөн өтүү керектигин эскертти