Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

ISW: Иран Орусияга курал-жарак берүүнү көбөйтүшү мүмкүн


"Шахед" дрону.
"Шахед" дрону.

Америкалык согушту изилдөө институту (Institute for the Study of War) соңку баяндамасында Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахияндын Москвага сапары жана анын орус кесиптеши Сергей Лавров менен 29-марттагы жолугушуусу тууралуу жазды.

"Абдоллахиян эки өлкө кызматташтык келишимине кол коюунун акыркы баскычында экенин айтты. Ал орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Орусия Ирандан курал-жарак системаларын сатып алууну улантып, Иран Орусиядан Су-35 согуштук учактарын сатып алуу боюнча келишимди аягына чыгарууну талкуулашканы маалым болду", - деп жазылган баяндамада.

ISW Украинанын Улуттук каршылык көрсөтүү борборунун отчетунан алынган маалыматтарга шилтеме кылып, иран бийлиги "Шахед-131" учкучсуз учактарын "Вагнер" жеке аскердик компаниясына берүүнү пландап жатканын жана жалданма согушкерлер бул дронду кантип башкарууну үйрөнө баштаганын жазган.

Институт "Вагнердин" согушкерлери ирандык дрондорду Украинада буга чейин колдонгонуна далил жоктугун белгилей кеткен.

ISW Орусия Украинадагы согушта аскердик жана технологиялык колдоо үчүн Иранга таянып жатканын белгилеген. Ирандык аскер адистери Орусияга келип, Украинадагы инфратүзүмдөргө дрон менен кол салууга жардам бериши мүмкүн деп божомолдойт.

"Иран Орусияга менен эки тарапка бирдей укук берген коопсуздук алакасын чыңдоого умтулуп жатат. Бул максатка жетүү үчүн Орусияга курал-жарак берүүнү көбөйтүшү мүмкүн", - деген баяндаманын авторлору.

Орусия менен Ирандын кызматташтыгы Украинага кол салуу башталгандан тарта күчөгөн. Украина жана Батыш өлкөлөрү Орусия 2022-жылдын күз айларынан тарта Украинанын шаарларына массалык чабуулдар учурунда Иранда чыккан учкучсуз учактарды колдонуп жатканын билдирген.

Мындан улам Батыш Иранга кошумча санкцияларды киргизген.

Тегеран менен Москва Украинага ирандык учкучсуз учактар сокку уруп жатканы тууралуу маалыматты четке каккан.

Бирок былтыр ноябрда Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян Орусияга Украинадагы согушка чейин эле жанкечти дрондор берилгенин ырастаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG