Меккенин жолунда кырсыктаган автобуста кыргызстандыктар жок

Меккедеги Ажы-аль-Нур тоолору. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Сауд Арабиясында зыяратчыларды ташып бараткан автобус кырсыкка учураганы тууралуу маалыматтарды ырастады. Ага ылайык, Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29у жаракат алган.

ТИМдин басма сөз кызматы Сауд Арабиясындагы элчиликтин баштапкы маалыматына таянып, учурда жол кырсыгынан жабыркагандардын жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жоктугун маалымдады.

Былтыр жылдын аягында Сауд Арабиясындагы Жидда-Медина жолунда өзбекстандык зыяратчылар бараткан автобус кырсыкка кабылып, 10 киши жабыркаган эле. Автобуста жалпысынан 50 жараны болгонун Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдаган.

Жыл сайын Сауд Арабиясындагы Мекке менен Медина шаарларына 180дей өлкөдөн эки миллиондон ашуун зыяратчы барат. (ZKo)

Дагы караңыз

Бишкектеги "Сөз эркиндиги" аллеясына көчөт отургузулатСузакта өз кызын зордуктоого шектелген киши кармалды"Унаанын" мурдагы башчысы Түмөнбаев жаңы кызматка дайындалганы белгилүү болду Улуу Британия Польша менен бирге Украинага убактылуу эки кыштак куратAmnesty International: Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелүүдө