Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:26

"Унаанын" мурдагы башчысы Түмөнбаев жаңы кызматка дайындалганы белгилүү болду


Турусбек Түмөнбаев.
Турусбек Түмөнбаев.

Тендер чырынан кийин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кызматынан кеткен Турусбек Түмөнбаев “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасын башкарып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын расмий сайтындагы ишканалардын жетекчилери тууралуу маалымат бөлүгүндө жазылган. Анда Түмөнбаев качан кызматка дайындалганы көрсөтүлгөн эмес.

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин мурунку жетекчиси Турусбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы экени белгилүү. Ал 2021-жылы 13-сентбярда транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн даярдоо боюнча тендерге байланыштуу текшерүүдөн кийин кызматтан алынган.

Ошол кезде Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда “Унаа” ишканасын Турусбек Түмөнбаев жетектей турганы жана тендер ишинде анын кызы Айгерим Тогузбаеванын фирмасы менен “кызыкчылыктар конфликти” бар экени айтылган.

2020-жылдын 15-декабрында Садыр Жапаров “Октябрдагы окуялардан кийинки башаламандык учурунда коррупционерлер сыртка акчасын чыгарып кетпесин деп кадрдык дайындоолорду өтө шашылыш ишке ашырганын”, өзү билген 20дай адамды дароо маанилүү кызматтарга дайындаганын билдирген. Алардын арасында эки кудасы да бар экенин, президенттик шайлоо бүткөндөн кийин бардык мамлекеттик кызматкерлер конкурстук негизде дайындаларын айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG