Боом капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө 100дөн ашуун адам тартылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында ачык талаада өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 2 авариялык куткаруу унаасы, 1 мотопомпа, 28 куткаруучу жана токой чарбасынан 2 мотопомпа, 16 кызматкер иш алып барууда.

Ошондой эле Көк-Мойнок айылынан 50 тургун, темир жол кызматынан 20 адам тартылган.


Социалдык тармактарда колдонуучулар Боом капчыгайындагы өрттүн сүрөт, видеолорун жарыялап жатышат. Алардын айтымында өрт куурайды, куураган жыгачтарды күйгүзгөндөн чыккан. (КЕ)

Дагы караңыз

Өрт кыйган өмүрлөр

Дагы караңыз

Коммерциялык банктардын уставдык капиталын аныктаган токтом чыктыБишкекте ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдөӨзгөндө көчкүдөн улам коопсуз жайга көчүрүлгөндөр үчүн чатырлар тигилдиӨзбекстан терроризм коркунучу бар өлкөлөрдүн катарына кошулду