Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери 2918ден ашуун өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 17% көп. Кырсыктан 37 киши каза болду. Анын ичинен жетөө жаш балдар. Ал эми 51 киши жабыр тарткан. Адистердин айтымында, кырсыкка көп учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык себеп болот.
Өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча эл аралык техникалык комитеттин (CTIF) маалыматына ылайык, Кыргызстанда абал өтө деле жакшы эмес. Соңку төрт жылдагы изилдөөгө караганда, өрт кырсыгынан каза болгондор боюнча 55 өлкөнүн ичинен 13-орунда турат.
Иске ууланган, өрттө калган наристелер
Атын атагысы келбеген бейтап биз барганда үчүнчү операциясына даярданып жатыптыр. Ал бир айдай мурда өрттөн жабыркап, денесинин 40% күйүп ооруканага түшкөн. Ошондон бери баспай төшөктө жатат.
"Айылда үйдө жалгыз элем. Өзүм ичкерки бөлмөдө уктап жаткам. Электр зымдарынан ток туура эмес кетип калган окшойт. Зымдын баары өрттөнүп кетиптир. Суукта бир бөлмө жылуурак туруп турсун деп, тень сайып койгом. Бир бөлмө толук өрттөнүп кетти, буюм-тайым, төшөк-жууркан дегендер... Үйдүн баары түн ичинде өрттөнүп, өзүм жүгүрүп чыкканга жетиштим. Шымым синтетика болчу, күйүп дароо эле бутума жабышып калыптыр. Бир бутум толук күйүп калды, экинчи бутума бир аз гана тийиптир, жакшы болоюн деп калды. Кошуна балдар бар экен, үйдү өчүргөнгө жетишти. Өзүм тез жардам менен ооруканага келдим. Буга чейин эки операция болдум, азыр үчүнчүсүнө даярданып жатам. Эл-журтка айтаарым өрттөн сактангыла, бул жаман экен. Баспай жатам, күйгөн бутту тазалаганда эттин баарын алган, кайра эт чаптап жатат. Өзүм деле электрикмин, бүт эле өзүм жасап койгом. Бир фазага плитка, тендин баарын бир сайганда күч келип кеткен окшойт".
Төрт жаштагы наристе кыз 4-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин районунун Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүүчү цехтен чыккан өрттө каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ырастагандай, өрт күндүзү катталып, түшкө барып чектөөгө алынган.
Аталган цехке барып кожоюндарды таба алган жокпуз.Ишкана азыр иштебей турат. Кошуналарынын айтымында, тилсиз жоо өмүрүн жалмап кеткен наристенин энеси бир-эки ай мурда эле Баткенден иштегени келген экен. Ал тигүү цехиндеги кыз-келиндерге тамак-аш жасап, ашпозчу болуп иштегенин айтышты.
Дагы бир каргашалуу окуя 14-ноябрда Сузакта катталды. Ушул күндүн таңында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жашар кыз жана төрт жашар эгиз наристелер өздөрү жашаган үйдө иске ууланып чарчап калды. Ошол учурда 23 жаштагы энеси эс-учун жоготкон абалда Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилген. Анын абалы алгач оор деп бааланып, кийин өзүнө келгени кабарланган.
Облустук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Мелис Баймуратовдун билдиришинче, үй-бүлө мешке жагылган көмүрдүн исине ууланган.
Ал эми 10-ноябрда Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 30 жаштагы тургун иске ууланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "өрт түнкү саат 3:30да катталып, анда көмүр кычкыл газына ууланган 30 жаштагы тургун "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилип, ооруканага жетпей каза болгон" деп билдирген.
7-ноябрда Бишкек шаарынынын Свердлов районунда кийим тигүүчү цех, эмерек жасаган цех жана желим иштеткен завод жайгашкан имаратта өрт чыккан. Кырсыкта сегиз киши жараат алып, экөө ооруканага түшкөн. Бул соңку айларда катталган кырсыктардын айрымдары.
"Ойгонсом баш жагыма от түшүптүр..."
Тогуз жаштагы Нурмухамед Жумабаев өрттөн үч инисин куткарып калган.
24-сентябрда Бишкектин Биринчи май районундагы Ласло Месарош көчөсүндөгү үй өрттөнгөн. Үйдө жети, беш жана үч жаштагы балдар болгон. Балдардын улуусу тогуз жаштагы Нурмухаммед күйүп жаткан үйдөн инилерин алып чыгып, куткарып калган. Нурмухамед уктап жаткан инилеринин бутунан сүдүрөп чыкканын, түтүн кирип кетпесин деп көзү менен оозун жаап чыкканын айтып берди.
"Уктап жатканбыз. Анан эле тарс деген үн чыгып, ойгонсом баш жагыма от түшүптүр. Бир туугандарымды ойготуп чыкканча эле үйдү түтүн каптап кетти. Бут кийимдерибизди таба албай, жылаңаяк чыктык. Эшиккке чыгып кошуна байкенин үйүн такылдатып, ал өрт өчүрүүчүлөрдү чакырды".
Үй-бүлө Нарындан Бишкекке бир жыл мурда эле келген. Өрт күндүзү болуп, кошуна-колоңдору дагы жардамга келе койгон. Түтүн жуткан балдарга сүт, айран беришкен. Ошол убакытта балдардын атасы жумушта, энеси дагы чарбасы менен шаарга чыгып кеткен экен. Ижарага алып жашап жаткан батири, болгон буюм-тайымдары күйүп кетиптир.
"Эжелер бизге сүт, айран, бут кийим беришти. Китептерим, кийимдерибиз бүт күйүп кетти. Өзүм чоңойгондо президент болгум келет. Президент болуш үчүн элдин айлыгын көтөрүп, көп акча бериш керек. Ал үчүн окуудан калбай, күн сайын окуп аракет кылам", - деди Нурмухамед.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаарындагы башкармалыгы №49 орто мектебинин 3-классынын окуучусу, тогуз жаштагы Нурмухамед Жумабековду бул эрдиги үчүн "Ардак грамота" менен сыйлады.
Нурмухамеддин апасы Гүлбарчын Чекирова балдарынын башы аман экенине шүгүр кылып, жакасын кармап отурат. Жаш балдарын эми жалгыз таштабайм деп өзүнө убада бергенин да айтты.
"Аябай жүрөгүм түшүп калды. Казакстанда беш бала өрттөнүп кетти го, ошону эле көз алдыма элестетип туруп алдым. Жөн эле көзүмдөн жаш токтобой, үйгө жетпей койдум. Чуркап келип эле балдарымды карасам, бактын түбүндө отурушуптур. Келип эле аларды кучактап баса калдым. Бул жакта тургандар "сабыр кыл, балдарың аман" дешти. Үйгө кирсем, эч нерсе калбай күйүптүр. Бактыма балдарым аман. Азыр эми балдарды жалгыз таштабай үйдө карап отурам. Эки балам мектепке барат. Эки кичинекейим үйдө. Ал күнү жолдошум дагы жумушка кеткен. Балдар турганча бат эле барып келем деген ойдо болдум. Тун баламды ишке орноштурам деп, аэропорт тарапка кеткем. Мен так жеткенде, анан ушундай болду деп телефон чалышты. Үй эски, зымдары да эскирген".
Кошуналары электр энергиясына күч келтирип коюшкан, жолдошу анча-мынча темир ширетип иштечү деп айтышты. Бирок, Гүлбарчын муну кескин четке какты.
"Күйөөм ширеткич колдонбойт, анын жанына дагы жолобойт. Чай кайнатканга "Мечта" гана колдонобуз, анан кир жуучу машинабыз бар. Ал күнү жылыткыч да сайган эмеспиз, күн жылуу болчу. Телевизор дагы сайылган эмес. Булар жаткан үйдүн төбөсүнөн башталып жатпайбы от".
Кыргызстанда абал жакшы эмес
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоодон жыл башынан бери 29 адам куткарылып, 19 млрд. 236 млн. 638 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталганын билдирди. 1820 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 35% түзгөн.
Өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча эл аралык техникалык комитеттин маалыматына ылайык, (CTIF) Кыргызстанда абал өтө деле жакшы эмес. Соңку төрт жылдагы изилдөөгө караганда, тилсиз жоодо каза болгондор боюнча 55 өлкөнүн ичинен 13-орунда турат.
Комитет Кыргызстан 100 өрт кырсыгы катталса, 1,48 адам каза болорун изилдөөсүндө белгилеген. Ага ылайык, Кыргызстан өрт кырсыгынан каза болгондордун саны боюнча Беларус, Молдова, Орусия, Казакстан, Жапония, Монголия, Украина сыяктуу өлкөлөрдөн кийинки орунда турарын белгилеген.
Эл аралык комитет өрт коопсуздугу сакталган же кырсыктан адам өлүмү катталбаган өлкөлөрдүн катарына Израилди, Нидерландияны, Сингапур, Коста-Рика, Франция, Италия өлкөлөрүн белгилеген.
Ошондой эле эл аралык комитеттин сайтында дүйнөдөгү шаарларда өрт өчүрүүчүлөрдүн саны боюнча да маалымат бар. Анда 1 өрт өчүрүүчүгө 2200 ашун киши туура келери көрсөтүлгөн. Ал эми Индонезиянын борбору Жакартада 1 өрт өчүрүүчүгө 11 миңден ашуун киши туура келсе, өрт кырсыгында өлүм азыраак катталган Париж шаарында бир өрт өчүрүүчүгө 800дөн ашуун киши туура келет.
Кыргызстан боюнча 200дөй машина, 2 миңдин тегерегинде өрт өчүрүүчү бар. Куткаруучу, өрт өчүрүүчүлөр кызмат учурунда жабыркаган дагы учурлар кездешет. Чоң жараат болбогондуктан алар каттоого алынбай турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ал эми оор жараат алып, ооруканада дарыланып, тийиштүү кенемте төлөнгөн өрт өчүрүүчүлөрдүн саны 2017-жылдан тартып 5 кишини түзөт.
Өрт кырсыгы кышында күчөйт
Кыргызстанда кар жаап, суук күчөгөнү меш, жылыткыч колдонгондор көбөйөт. Мындай учурда өрт кырсыктары, андан жабыркагандар көбүрөөк катталып, ооруканага кайрылгандардын саны өсөт. Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнүн дарыгери Темир Турсалиев Бишкек жана анын четиндеги конуштардын, андагы жашоочулардын көбөйгөнүнө байланыштуу күйүк менен кайрылган бейтаптардын саны дагы өскөнүн белгилеп жатат. Ал бир жылда болжол менен 1700дөй бейтапты кабыл алышарын айтты.
"Мурда сезон учурунда ошого жараша бейтаптардын саны дагы өсчү. Азыр калктын санынын өскөнүнө байланыштуу күйүктөр күнү-түнү түшүп турат. Чоңдор байкабай кырсыктап калса, көп учурда мас абалында күйүп келишет. Кичине балдарга кайнак суу төгүлүп кетти деген учурлар көп. Түрлөрү боюнча айтсак, суу күйүгү, андан азыраагы от күйүгү болот. Андан сырткары токко күйгөндөр келет, алар азыраак. Бирок, анда күйүк тереңирээк болот. Сыртынан көп билинбейт, терең жагы оор акыбалда болуп, кесүүгө дагы туура келет".
Дарыгердин айтымында, биринчи эле денени күйгүзүп жаткан нерсени (термический агент) тез алып салуу керек. Кичине балдар кайнак сууга күйсө, кийимин тез арада чечип салуу зарыл. Ооруканага же дарыгерге кайрылганга чейин кездемени муздак сууга суулап, ошону күйгөн жерге баса коюу сунушталат. "Бул ысыгын тартып алууга жардам берет", - дейт дарыгер.
Ал эми айрымдар колдонуп жүрчү жаңы күйгөн жерге картошканы эзип басуу, тиш жуучу пастаны, томат постасын сүйкөө сыяктуу ыкмалар жардам бербейт. Тескерисинче, бул ооруксунууга алып келет.
Темир Турсалиев өзүнүн иш тажрыйбасында денесиинин 40-80% күйгөн бейтаптар кездешкенин айтты. Дарыгер жаңы жыл алдында салют, жардыргыч заттарды колдонууда этият болууга чакырууда.
"24 жаштагы жигит күйүп келген. Денесинин 85 пайызы күйгөн, анын эң тереңи 75% экен. Терини майдалап жаап отуруп, 12 жолу операциядан кийин бала аман-эсен чыгып кетти. Албетте, бул жерде баланын жашы, организми, иммунитети да таасир этти окшойт. Карыган адамдар көтөрө албай калышы мүмкүн эле. Жаңы жыл алдында бары бир жардыргыч заттарды колдоно беришет. Болбой эле жыл сайын жаңы жыл майрамы күнү жок дегенде 4-5 бала колу-бети күйүп келген учурлар болот. Ошондуктан ата-энелери этияттасын. Катуу суук болгон учурда печкалары жарылып, ошондон күйүп келгендер көбөйөт".
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыш мезгилинде мешке от жагууда коопсуздук эрежелери сактоо, өрттөн жана көмүр исине ууланып калуунун алдын алуу максатында текшерүү иштерин күчөттү. Адистер өзгөчө жаңы конуштарды кыдырып, тургундарына өрт коопсуздугунун эрежелерин түшүндүрүүдө.
Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн офицери Жусуп Жумалиев от тутанган учурда же үйдү түтүн каптаган учурда алгачкы көрүлө турган чаралар тууралуу айтып берди.
"Суук түшөр алдында морду тазалап, мештин тегерек-четиндеги тешиктерди бүтөш керек. Түтүн чыкса адам уктай берет, билинбей үйдөгү кишилер иске ууланып калышы мүмкүн. Чок түшпөш үчүн мештин тегереги темир жок дегенде 50-60 см. болушу зарыл. Мештин жанына күйүп кете турган эч нерсе коюлбашы керек. Электр приборлор, зымдар дубалдын ичинде болуш керек. Эгер сыртта болсо күйүп кеткен учурда ал башка нерселерге жабылып, кесепети чоңураак болот. Электр приборлору жерден бир метрдей бийик, дубалдан 20-30 см алыс турушу керек, жыгачтын үстүндө болгон туура эмес. Үйдө балдарды кароосуз калтырбаш керек. Кокус өрт чыккан учурда, күйүктүн жытын сезсеңиз, электр тогун өчүрүш керек. Отту өчүрүү үчүн суу чачасыңар, андай учурда ток урушу мүмкүн. От тутанса дароо эшикке чыгып, 101ге чалуу зарыл. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин өздөрү сыртка чыгып кеткенден кийин эшик, айнектерди жаап турган оң. Баарын ачып салса шамал, аба кирип өрт бат тутанат, тез эле күйүп түшүп калат. Түтүн каптаган учурда үйдөн чыгып кетиш керек, эшик-терезени ачып, үйдү желдетиш керек. Өрттү көзү жеткен учурда гана өчүрүүгө аракет кылыш керек, болбосо 101 чалган оң".
Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунун тургуну Жумгалбек Илипбаев өрт өчүрүүчүлөр айткан кемчиликтерди жоюуга аракет кыларын билдирди.
"Мен балдардын таятасы болом. Кызым жумушта, балдарын мен карап отурам. Өрт боюнча айткандары пайдалуу болду. Эми айтылган кемчиликтерди жойгонго аракет кылабыз".
Өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча эл аралык техникалык комитеттин маалыматына ылайык, (CTIF) дүйнө жүзүндө өрт кырсыктары көбүрөөк турак жайларда катталат.
2019-жылдагы изилдөө боюнча дүйнө жүзүндө катталган кырсыктардын 23% турак жайларда болгон. Экинчи орунда чөп (20%), башка нерселер (19%), таштанды (14%), транспорт (13%), башка имараттар (9%), токой (2%) өрттөнөт экен.
Адам өлүмүнө алып келген учурлар дагы турак жайларда катталат (84%). CTIF от тутанган учурда дүрбөлөңгө түшүү абалды ого бетер курчутууга түрткү болорун эскертет.