Жапония Кыргызстанга 5,3 миллион доллар грант берет

Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года жана финансы министрлиги Алмаз Бакетаев.

Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) Баткенде табигый кырсыктарга туруштук бере турган жолдорду салуу үчүн грант катары 5,3 миллион АКШ долларын берет.

“Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу” тууралуу макулдашууга 23-мартта кол коюлганын Кыргызстандын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун дагы бир максаты Борбордук Азияда логистикалык коопсуздукту камсыз кылуу экени жазылган. Ишти Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги аткарат.

Жапониянын JICA өнүктүрүү борбору Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштеп келет. Агенттик айыл чарба, социалдык инфратүзүм, жакырчылык менен күрөшүү, социалдык жана агрардык өнүгүү, саламаттык сактоо, мыйзамдык системаны реформалоо өңдүү долбоорлорду ишке ашырып келет. (TAb)

Дагы караңыз

АКШ аскерлеринин Ооганстандан чегиниши тууралуу баяндама эмки айда жарыяланатБишкек шаардык соту Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырдыЭкстремисттик идеологиянын жайылышын алдын алуу боюнча жолугушуулар өтүүдөБритан чалгын кызматы: орус армиясынын Бахмутка чабуулунун күчү кайтууда