Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:10

Экстремисттик идеологиянын жайылышын алдын алуу боюнча жолугушуулар өтүүдө


Таластагы жолугушуу. 2023-жылдын 23-марты.
Таластагы жолугушуу. 2023-жылдын 23-марты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, светтик принциптер жана дин тутуу эркиндиги боюнча жергиликтүү бийликтин, диний уюмдардын өкүлдөрү менен аймактарда жолугушууларды өткөрүп жатканын бүгүн 23-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кезектеги жолугушуу бүгүн Таласта өттү.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуулар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн радикалдык жана экстремисттик идеологиянын жайылышын алдын алуу боюнча көндүмдөрүн жана мүмкүнчүлүгүн бекемдөө, диний кырдаалдын туруктуулугун сактоо, конфессия жана улут аралык мамилени бекемдөө, чыр-чатактарды болтурбоо максатында уюштурулуп жатат.

Комиссияга бул жолугушууларды уюштурууга Дин таануу изилдөөлөр борбору жана "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюму колдоо көрсөтүүдө.

Кыргызстанда 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынган. Мындан тышкары президенттин "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы бар.

Өлкөдө дин тутуу эркиндиги жарыяланган. Калктын басымдуу бөлүгү мусулман динин карманат. (RK)

XS
SM
MD
LG