Баткенде жалгыз ПЧР лаборатория ачылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча район аралык борбордо ПЧР (ПЦР) лабораториясы пайдаланууга берилди. Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча республикалык департаменттин маалыматына караганда, лабораториянын ачылышына 21-мартта облус жетекчилиги, жергиликтүү медицина мекемелеринин башчылары катышты.

Облустагы ооруканалар буга чейин коронавирусту аныктоо үчүн анализдерди Ош шаарына жөнөтүшчү. Эми жаңы ачылган лабораторияда COVID-19 илдетин аныктоого болот. Ал алдыңкы заманбап техника менен жабдылып, 2-4 саат ичинде 90дон ашык анализди изилдеп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экени, имарат 30 бөлмөдөн турары маалымдалды.

Ислам өнүктүрүү банкы каржылаган курулуш иштери 2021-жылы башталып, 2022-жылы аяктаган.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталып, былтыр басаңдаган коронавирус эпидемиясы 206 миңден ашуун адамга жукту, алардын 3 миңдейин сактап калуу мүмкүн болгон жок.

Дагы караңыз

Нооруз-2023: "Ынтымак" дагы чемпион"Кыргыз коому советтик доордун калдыгынан арылышы керек"Бишкек жана Ош шаарларынан Абу-Дабиге түз аба каттамы ачылатКыргыз соцмедиасына оогон орус пропагандасы