21-марттын аба ырайы

Ош шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-21-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч келтирет.

21-мартка караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15,

Нарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз 0…-5

Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түндөсү 1…3°, күндүз 13…15° градус болот.

Дагы караңыз

Пакистанда Имран Ханды колдогон ондогон киши кармалдыБолот Темиров: Мага каршы иште Конституция да бузулганын көрүүдөбүзFT: Украинаны ок-дары менен камсыз кылуу үчүн ЕБде чийки зат жетишсиз "Талибандын" улук лидери тууган-таанышчылыкка каршы жарлык чыгарды