Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:13

Пакистанда Имран Ханды колдогон ондогон киши кармалды


Имран Хандын тарапкерлери. 18-март, Лахор.
Имран Хандын тарапкерлери. 18-март, Лахор.

Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Ханды колдогон ондогон киши кармалды. Бул тууралуу 20-мартта Reuters агенттиги Хандын "Техрик-и-Инсаф" партиясы тараткан маалыматка таянып билдирди.

Эки күн мурун Хандын тарапкерлери Исламабаддагы сот имаратынын алдында полиция менен кагылышкан. Ал күнү мурдагы премьер-министр коррупцияга байланыштуу башка иш боюнча сотко келиши керек эле.

Полиция Хандын жактоочуларын таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Митингчилер полиция кызматкерлерине таш ыргытып, от коюуга аракет кылышкан.

Исламабаддын полициясы 19-мартта Имран Ханга, анын 17 жардамчысына жана жактоочусуна террорчулук сыяктуу бир нече мыйзам бузууга байланыштуу айып таккан.

Хан өзүнүн тарапташтары полиция менен кагылышкандан бир күн өткөндөн соң YouTube каналында түз эфирде кайрылуу жасап, 22-мартта Лахордо элдик митинг өткөрүүнү пландап жатканын айтты. Ал коррупцияга байланыштуу тагылган айыпты четке кагып келатат.

70 жаштагы мурдагы крикет жылдызы Имран Хан былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген. Пакистан парламенти ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган.

Андан бери мурдагы премьер менен жаңы бийликтин тиреши уланып, Хандын тарапташтары утур-утур нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

XS
SM
MD
LG