Кыргызстан-Индия аскерлеринин биргелешкен машыгуусу аяктады

Эки өлкөнүн аскерлеринин биргелешкен машыгуусу жыл сайын уюштурулат.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги 18-мартта Индиянын аскерлери менен бирге өткөргөн машыгуу аяктаганын билдирди. Ага ылайык, “Канжар-Х” деп аталган машыгууга эки өлкөнүн атайын багыттагы аскер бөлүктөрү катышкан.

“Машыгууда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү тоолуу шартта жок кылуу боюнча биргелешкен атайын тактикалык эпизоддорду көрсөтүштү. Биргелешкен машыгуунун планына ылайык, чабуул учурунда имараттын ичинде аман калуу техникасы боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү”,- деп жазылган маалыматта.

Коргоо министрлиги машыгуу кайсы жерде өткөнүн тактаган жок. Мекеменин билдиришинче, мындай иш-чара жыл сайын уюштурулат. Былтыр кыргыз аскерлери Индияга барып келген.

Дагы караңыз

Жыпар Мамбетова: ооган кыргыздары Өзбекстан аркылуу алынып келет Кремль Путин оккупацияланган Мариуполдо болгонун билдирди The Guardian: АКШда орус жарандарын депортациялоо жандандыКиев Москвадан Орусиядагы украиналык балдардын тизмесин сурады “Бишкек” эркин экономикалык аймагында дары чыгарган завод ачылдыПутин согуштан бери биринчи жолу аннексияланган Крымга келдиБажычылар иши: Ташиев Зулушевдин кайниси кармалганын ырастадыКазакстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат