Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

Путин согуштан бери биринчи жолу аннексияланган Крымга келди


Кремль тараткан маалыматта Путин Севастоплде тарыхый-археологиялык “Херсонес Таврический” паркына барганы айтылат
Кремль тараткан маалыматта Путин Севастоплде тарыхый-археологиялык “Херсонес Таврический” паркына барганы айтылат

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва Киевге каршы согуш ачкандан бери биринчи жолу аннексияланган Крымга келди. Кремль тараткан маалыматта 18-мартта Путин Севастополдо тарыхый-археологиялык “Херсонес Таврический” паркына барганы, андагы “Корсунь” деген балдар борборунун ачылышына катышканы айтылат.

Аймактын Москва дайындаган губернатору Михаил Развожаев Телеграм-каналына орус президентинин сапары алдын ала пландалбаганын, келиши менен “таң калтырганын” жазды. Анын ырасташынча, Путин балдар борборунун ачылышына онлайн катышканы жаткан. Развожаев ошондой эле, Путин “рулда келгенин” белгиледи, бирок Крымга кайсы тараптан, кантип келгенин тактаган жок.

Мунун алдында бир катар Батыш мамлекеттери Орусиянын Крымды аннексиялап алган күнүнө карата Москваны айыптаган билдирүү тараткан.

Украинанын аймагы болгон Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алып, 2022-жылдын 24-февралында Украинага согуш ачкан. Москва андан бери Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын аймактарынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алып, аннексияланганын жарыялаганы менен дүйнө аны тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG