УКМК электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалганын билдирди

Электрондук күндөлүк.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Билим берүү министрлигинин системасына киргизилген электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, 13-мартта программанын негиздөөчүсү Б.С.А. өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу жана алдамчылык фактысы боюнча кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кармалган.

"Бул программалык камсыздоонун башкы директору жана негиздөөчүсү материалдык жактан баюу максатында, кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу менен кош бухгалтерияны колдонуп, алынган кирешелер тууралуу жалган маалыматтарды берүү менен салыктарды төлөөдөн качканы, натыйжада мамлекеттик бюджетке жылына 19 миллион сомдон ашык салык төлөмдөрү (КНС, СС) түшпөй калганы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

УКМК буга тиешеси бар бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалады.

Билим берүү жана илим министрлиги атайын кызматтын маалыматына комментарий бере элек.

Мекеме окуу жараянын автоматташтырууга багытталган “Мектептердеги электрондук күндөлүк” долбоорун 2019-жылдан тартып ишке ашыра баштаган.

Ушу тапта электрондук күндөлүк 1340 мектепке кирип, ата-энелер бул кызматтан пайдаланып жатканын билдирген.

Кыргызстанда 2300дөн ашык мектеп бар жана окуучулардын жалпы саны 1,5 миллионго чамалайт. (КЕ)

Дагы караңыз

Динара Кутманова министрлик кызматтан алындыКемпир-Абад иши: Улукбек Маматаевге операция жасалдыКемпир-Абад иши: Бишкек шаардык соту "жашыруун" деген грифти алдыПакистанда экс-премьер Хандын тарапкерлери менен полиция кайра кагылышты