Түркия: зилзала болгон аймакта жүргөн сел кеминде беш кишинин өмүрүн алды

Убактылуу баш калкалоочу жайлар. Түркия, 10-февраль, 2023-жыл

Түркиянын түштүк-чыгышында суу ташкын кеминде беш кишинин өмүрүн алып кетти, дагы он чактысы дайынсыз болууда. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары кабарлады.

Төрт киши Сирия менен чектеш Шанлыурфа чөлкөмүндө, дагы бирөө 100 чакырым алыс жердеги Адыяман аймагында каза тапты.

Шанлыурфанын губернатору куткаруу иштери уланып жатканын, курмандыктар мындан да көп болушу мүмкүн экенин, аймакта катуу жамгыр жааганын TRT Haber каналына айтты.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу жергиликтүү элди дарыялардын жээгине барбай турууга чакырды.

Сөз болгон аймак өткөн айда катуу зилзаладан жабыркап, 48 миңдей киши набыт болгон. Учурда үйсүз калган 2 миллионго жакын эл чатырларда, контейнер үйлөрдө күн көрүп келет.

Сел машинелерди агызып, жолдорду, көпүрөлөрдү жууп кетти. Шанлыурфадагы оорукана суу астында калып, мектептер жабылды, элге коопсуз жерлерге убактылуу көчүү көрсөтмөсү берилди.

Метеорологдор алдыңкы күндөрдө нөшөрлөгөн жаан-чачын болорун эскертүүдө.

Дагы караңыз

УКМК электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалганын билдирдиӨзбекстан: Сенат жаңы Конституция жөнүндө мыйзам долбоорун жактырдыКутманова: Коррупцияга каршы күрөш кимдир бирөөгө жакпай жатат