Абировду жоопко тартууга макулдук берүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук сураган Башкы прокуратуранын сунуштамасына байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова 15-марттагы сессияда билдирди. Комитет комиссиянын чечимин парламенттин жалпы жыйынына алып чыгат.

Комиссиянын курамына кирген депутаттар:

  • Замирбек Мамасадыков ("Ыйман нуру"),
  • Дастан Бекешов,
  • Айгүл Айдарова ("Бүтүн Кыргызстан"),
  • Бахридин Шабазов ("Ишеним"),
  • Медет Саккараев ("Ата-журт Кыргызстан"),
  • Жусупбек Коргонбай уулу ("Мекенчил" тобу),
  • Фархад Алимжанов ("Альянс"),
  • Мурадил Сыдыков ("Ынтымак"),
  • Бактыбек Чойбеков ("Элдик" тобу).

Башкы прокуратура 14-мартта Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизгенин кабарлаган. Депутаттын аракетине юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан башкы көзөмөл органына материалдар келип түшкөн.

Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун милиция маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 14-мартта Фейсбуктагы баракчасына окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканын, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин жазды.

Ал 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Meta корпорациясы 10 миң кызматкерин кыскартатПарламент комитети Жаныбек Абировду жоопко тартуу боюнча сунушту карайтСейсмикалык коопсуздук боюнча мыйзам долбоору сунушталдыСулайман Кайыповдун 70 жылдыгына арналган илимий конференция өттү