Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев табигый жана техногендик жер титирөөлөргө сейсмологиялык мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү республикалык системасын түзүүнү сунуштады. Буга байланыштуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөнүн сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн катуу жер титирөө болгон учурда мамлекеттин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана калктын өз ара мамилелерин жөнгө салуу каралган.
Маалыматтык негиздемеде белгиленгендей, Кыргызстанда 12 район сейсмикалык кооптуу зонада жайгашкан. Чүй облусунда сейсмикалык кооптуулугу жогору болгон зонага - Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору кирет. Жалал-Абад облусунда - Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондору, Ош облусунда — Ош шаары, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондору, ал эми Баткен облусунда - Кадамжай району жана Нарын облусунда - Кочкор району кооптуу зоналар болуп саналат.
Республиканын аймагында жылына орто эсеп менен 3000 жер титирөө катталат, анын ичинен он-жыйырмага жакыны беш баллдан ашкан сезилерлик магнитудагы жер титирөөлөр. Жер титирөөнүн очогу жер кыртышынын чегинде жайгашкан. Көпчүлүк гипо-борборлор 5 километрден 25 километрге чейинки тереңдикте жайгашкан.
"Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматтары боюнча, жарака чөлкөмдөрүнө жанаша болгондуктан, сейсмикалык очоктор жер титирөөлөрдүн энергиясынын өсүшү менен өзүнүн көлөмү боюнча барган сайын чоңойгондон тышкары, түзүмдүк жагынан да татаалдашат. Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 8, 9 жана 9 баллдан жогору болгон жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Аймактын жогорку сейсмикалуу экендиги Кыргызстандын курулуш тармагына өзгөчө талаптарды коет. Пайдалануудагы жана жаңы курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруштук берүү деңгээлин жогорулатуу максатында узак мөөнөттүү жана максаттуу багыттагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү зарыл", - деп жазылган негиздемеде.
6-февралда Түркияда күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болуп, бир нече шаар кыйраган. Зилзаладан набыт болгондордун саны 50 миңден ашты. Ушундан кийин бир катар депутаттар Кыргызстандагы курулуштардын, кийин курулган көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү сунуштап чыгышкан. (КЕ)