Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында өрт чыккан оорукананын чатырын оңдоо үчүн алты миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова 13-14-март күндөрү Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунун өрт чыккан корпусуна барып, өрттөнгөн имараттын абалы жана башка бөлүмдөрдүн иши менен таанышты.
Маалыматка караганда, өрт имараттын ичине жеткен эмес. Келтирилген зыян эсептелүүдө.
13-мартта Аксы жалпы дарыгерлик практика борборунун чатырын өрт чалган. Саламаттык сактоо министрлиги окуя болгон ооруканадан 72 адам эвакуацияланганын билдирсе, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 134 киши коопсуз жерге чыгарылганын кабарлаган. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн алты ымыркай Жалал-Абад облустук ооруканасына которулган. (BTo)
Дагы караңыз
Зеленский: Украинанын келечеги Бахмуттагы кармаштарда чечилүүдөТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырдыКазакстан "Роскосмоско" доомат артууда