Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:08

Казакстан "Роскосмоско" доомат артууда


"Союз MS-23" кемесин учуруу. Байкоңур, 24-февраль, 2023-жыл
"Союз MS-23" кемесин учуруу. Байкоңур, 24-февраль, 2023-жыл

Казакстанда орусиялык космодромдордун башкы оператору - «Космостун жердеги инфраструктурасын иштетүү борборунун» мүлкү камакка алынды. The Moscow Times гезитинин орус редакциясы кабарлагандай, буга казакстандык жана орусиялык биргелешкен "Байтерек“ ишканасына болгон 2 миллиард рубль карыз себеп болду.

Казакстандын тиешелүү мекемеси борборго активдерин алып кетүүгө, жетекчилерине тергөө аяктагыча өлкөдөн чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу KZ24 маалымат порталы жазды.

"Байтерек" 2005-жылы космосту биргелешип изилдөө үчүн негизделген. Байкоңурда зыяндуу заттарды пайдаланган “Протон” ракеталарынын ордуна экологиялык таза ракета ташуучуларды киргизүү, жаңы старт аянтча куруу каралган.

KZ24 маалымдагандай, Казакстанды мындай кадамга «Роскосмостун» жаңы башчысы Юрий Борисовдун сын сөздөрү түрткөн болушу мүмкүн. Борисов казак байланыш министри Багдат Мусинди старт аянтчанын курулушун жарым жылга жылдыруу чечими үчүн сындаган. Мусин Борисовдун сынын “дипломатиялык ката” деп атады.

XS
SM
MD
LG