Зеленский: Украинанын келечеги Бахмуттагы кармаштарда чечилүүдө

Бахмуттагы уруш тилкесиндеги укрианалык ыктыярчы жоокер. 11-март, 2023-жыл

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 14-мартта кабарлагандай, орусиялык аскерлер Бахмутту жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу максатында улам жаңы чабуулдарды коюп жатат.

Украинанын Башкы штабынын маалыматында "бир суткада 102 чабуулдун мизи кайтарылды, душман шаарды алуу аракетин токтотпой келатат” деп айтылат. Кармаштар Лиман, Авдеевка, Мариинка жана Шахтерскто жүрүүдө.

Украин президенти Владимир Зеленский "Чыгыш фронттогу абал өтө оор" экенин, "өлкөнүн келечеги ошол жерде чечилип жатканын", "Киевдин күчтөрү жеңерин" 13-мартта кечинде билдирди. Президент ошол салгылаштарда “өмүрүн тобокелге салган” ар бир жоокерге ыраазычылыгын айтты.

Ага чейин Украинанын кургактагы күчтөрүнүн кол башчысы генерал Александр Сырский: “Вагнер" тобунун чабуул коюучу күчтөрү биздин жоокерлердин коргонуу сызыгын жырып, шаардын борборуна жылууга аракет көрүүдө”, - деп билдирген.

Украиналык командачылык “душман ири жоготууларга учурап жатканын” белгиледи.

Ал арада Орусиядагы “Вагнер” жалданма тобунун башчысы Евгений Пригожин Бахмуттун борборунан алыс эмес жерде тартылган видеодо анын согушкерлерин шаарды алуу үчүн катуу кармаштар күтүп жатканын моюнга алды.

Ошол эле маалда чет өлкөлүк эксперттер Бахмуттун стратегиялык мааниси жок экенин, аны алуу Кремлдин символикалык жеңиши үчүн гана керектигин белгилешет.

Бухмут үчүн күрөш Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик аналитиктер эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын айтышууда.

Дагы караңыз

ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырдыКазакстан "Роскосмоско" доомат артууда “Керемет Банк” иши: Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалдыЖаныбек Абиров жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирдиТалас: Кемпир-Абад боюнча камалгандардын тарапташтары митингге чыгышты