ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды

Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архивдик сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына Тажикстанга баруудан, саякаттоону убактылуу токтотуп турууну дагы бир жолу сунуштады.

Өлкөнүн тышкы саясат мекемеси кабарлагандай, Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда, чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда. Мындай учурда авиабилеттерди сатып алууга жана транзиттик зонада кийинки каттамды күтүүдө кошумча каржылык чыгымдар болот.

Маселе жаралган учурда Кыргызстандын жарандары төмөнкү номурларга чалса болот:

+996 999 312 002 – Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (Бишкек);

+992 887 782 223 - Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги (Дүйшөмбү шаары).

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин кескин солгундап кеткен. Бул окуядан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет. (BTo)

Дагы караңыз

“Керемет Банк” иши: Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалдыЖаныбек Абиров жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирдиТалас: Кемпир-Абад боюнча камалгандардын тарапташтары митингге чыгыштыОкуучу айдаган машина кырсыкка кабылып, бир кыз мерт болдуСирия менен Ирактан кайткан балдар маселеси талкууландыКомитет Бишкектин мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоорун колдоду “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” котормосунун бет ачары болдуЖК комитетинде зордукталган 13 жаштагы кыздын иши боюнча маселе көтөрүлдү Орус абактарындагы кыргыз жарандарын экстрадициялоо маселеси талкууланат