Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:11

“Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” котормосунун бет ачары болду


“Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” котормо китебинин бет ачары. 14-март, 2023-жыл.
“Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” котормо китебинин бет ачары. 14-март, 2023-жыл.

14-мартта Бишкекте америкалык белгилүү экономисттер Дарон Ажемоглу менен Жеймс Алан Робинсондун “Why nations fail” китебинин кыргызча котормосунун (“Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?”) бет ачары өттү.

Ага китептин авторлорунун бири, Чикаго университетинин Харрис атындагы коомдук саясат мектебинин профессору Жеймс Алан Робинсон да катышты. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, коомдук-саясий ишмерлер жана жалпы 450дөй киши келди.

Эдил Байсалов кыргыз өкмөтү 500 даана китеп сатып аларын айтты.

Авторлор бул эмгегинде өлкөлөрдүн өнүгүп же өнүкпөй калышынын негизги себептерин мисалдар менен талдашат. Алар өлкөлөрдүн өнүкпөй калышы ал мамлекеттин географиялык жайгашуусуна, кен байлыктарына, менталитетине же ушул сыяктуу факторлорго байланыштуу деген ойду жокко чыгарып, мамлекеттик институттардын маанисин Түндүк жана Түштүк Корея, Ботсвана менен Зимбабве сыяктуу ондогон өлкөлөрдүн мисалында түшүндүрүп беришет.

Why Nations Fail: The Origins of Power, Prosperity, and Poverty (түз котормосу: “Эмнеге айрым мамлекеттер ийгиликсиз болуп калат: бийликтин, өнүгүүнүн жана жакырчылыктын келип чыгышы”) китеби англис тилинде 2012-жылы басылып чыккан. 2016-жылы орус тилине “Почему одни страны богатые, а другие бедные” деген аталыш менен которулган.

Китеп New York Times жана The Wall Street Journal басылмаларынын версиялары боюнча бестселлер деп табылган жана ондогон тилдерге которулган. Китепти кыргыз тилине түркология илимдеринин доктору Мирланбек Нурматов которгон.

Аны “Бугупресс” басма үйү автордук укугун алып, басып чыгарды. (BTo/TAb)

XS
SM
MD
LG