Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку өкүлдөрү орусиялык чабармандар менен дан келишимин узартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Былтыр июлда Түркиянын арачылыгы менен Украинанын портторунан арпа-буудайды чыгаруу тууралуу макулдашылган. Ага ылайык, ири дан экспортточу Украинага Кара деңиздеги порттору аркылуу буудайды ташууга, ал эми Орусияга азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспортоого жол ачылган. Муну менен дүйнө жүзүндө тамак-аштын кескин кымбатташын алдын алууга жетишилген. Келишим былтыр ноябрда узартылып, 18-мартта соңуна чыгууда.
Москва буга чейин өзүнүн экспортуна киргизилген чектөөлөр алынып салынганда гана аны узартууга макул болорун эскерткен.
12-мартта түрк коргоо министри Халуси Акар келишимдин мөөнөтү дагы узартыларына ишенерин билдирди. Анкара бир нече күндөн бери бул багытта иштеп жатканын айтууда.
«Орусия жана Украина менен болгон өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдө эки тараптын тең буга оң мамиледе экенин көрдүк. Оң жыйынтык чыгарарына ишенебиз»,- деди Акар мамлекеттик Анадолу агенттигине берген маегинде.
8-мартта БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Киевге барганда украин президенти Владимир Зеленский БУУ жана Украина дан келишиминин мөөнөтүн узартууну жактай турганын айткан.
Дагы караңыз
Депутат аралашкан мушташтын чоо-жайы иликтене баштады Акыйкатчы: Кордолгон баласынын укугун коргой албай калган ата-эне көпИран бийлиги митингдердин 22 миң катышуучусуна ырайым берилгенин билдирдиБишкектин борборундагы депутат аралашкан мушташ