Москва соту "Эркин Европа/Азаттыктын" Орусиядагы өкүлчүлүгүн банкрот деп жарыялады

13-мартта Москванын Арбитраждык соту "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун атынан Орусияда иш алып барган "РСЕ/РС" жоопкерчилиги чектелген коомун банкрот деп жарыялады. Буга медиа уюмдун Орусиянын "чет өлкөлүк агент" деген атка конгон мыйзамынын алкагында 1 миллиард рублдик (14 миллион доллар) айып пулду төлөөдөн баш тартканы себеп болду.

Бул айып пулдар "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун орус тилиндеги тогуз долбооруна салынган. Алардын арасында радионун орус кызматынын жана "Настоящее Время" телеканалынын веб-сайттары да бар.

Сотко Орусиянын Федералдык салык кызматы өткөн жылдын март айында кайрылган.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосу Орусиядагы мыйзамдардын жоболорун журналисттердин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жараткан саясий цензура деп мүнөздөйт. Медиа уюм орус бийлигинин чечимдерине каршы Орусиянын башка сотторуна жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылат.

"РСЕ/РС" жоопкерчилиги чектелген коомунун Орусиядагы банк эсептери 2021-жылдын май айында бөгөттөлгөн. Банкроттуулук тууралуу процедураларды баштоого медиа компаниянын орус казынасына салык төлөй албаганы расмий негиз болуп берди.

Былтыр орус күчтөрү Украинага басып киргенден көп өтпөй Роскомнадзор "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун сайттарын Орусиянын аймагында бөгөттөгөн. Медиа уюм Орусияда 1991-жылы ошол кездеги президент Борис Ельциндин чечими менен ачылган бюросу жабылганын жана Латвиянын баш калаасы Ригада жаңы кеңсесин ачканын жарыялаган.

Орусиянын Юстиция министрлиги "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун 30 кызматкерин "чет өлкөлүк агент" деп жарыялаган. Бир катар эл аралык уюмдар орус бийлигинин "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна басымын айыпташкан.

Freedom House уюму март айындагы жаңы баяндамасында Орусияда былтыр жарандык эркиндик жана медиа эркиндиги кескин начарлаганын билдирди.

Дагы караңыз

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондор 48 миңден аштыТалас: 25 манасчы тогуз күн бою "Манас" айтатГрузин премьери украин саясатчыларын "ички ишке кийлигишти" деп күнөөлөдүГамбургдагы кол салууда өлгөндөр сегизге жеткени кабарланды Бишкек мэриясында мамлекетке өзгөчө ири каржылык зыян келтирилгени маалымдалдыКазакстанда жолдо калган 63 өзбек жараны коопсуз жайга жеткирилди