Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:08

Казакстанда жолдо калган 63 өзбек жараны коопсуз жайга жеткирилди


Актөбө облусундагы куткаруучулар жүргүнчүлөрдү эвакуациялап жаткан учур. Сүрөт Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык.
Актөбө облусундагы куткаруучулар жүргүнчүлөрдү эвакуациялап жаткан учур. Сүрөт Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык.

Казакстандын Актөбө облусунун куткаруучулары 13-мартка караган түнү жолдо бузулуп калган автобустан 63 өзбек жаранын эвакуациялады. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Автобус Карабутак-Костанай автожолунда бузулуп калган. Андагы жүргүнчүлөр Айтекеби районундагы мектепке жайгаштырылды.

Марттын башынан бери Орусияга баратып же бул өлкөдөн кайтып келе жатып Актөбө облусунда кар күрткүдө калган 106 өзбек жараны куткарылды.

Быйыл январда ушул эле аймакта эки жүргүнчү автобусу жолдо бузулуп калып, андагы өзбек жана тажик жарандары эвакуацияланган. Алар убактылуу мектепке жана мечитке жайгаштырылган. Өзбекстандын Транспорт министрлиги жүргүнчүлөр кийин өз жолун улаганын маалымдаган.

Жыл сайын Казакстандын кан жолдорунда жайгашкан мектептер менен мечиттер жүргүнчүлөр тыным алып, жылына турган жайга айланат. Быйыл Казакстандагы кара жолдордун боюнда 114 жылынуу жайы камдалган.

XS
SM
MD
LG