Кыргызстанда Орозо 23-мартта башталат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Орозо айы быйыл 23-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Муфтият бул даталарда Күн менен Айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырма болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат. (BTo)

Дагы караңыз

Исманкулов мурдагы министр Бейшеналиевге койгон доо арызынан баш тарттыДепутат катышкан мушташты милиция териштирип жататӨКМ Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштери башталганын билдирди“Навальный” даректүү тасмаcы “Оскар” алдыБУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Өзбекстан, Казакстанга барат