Өкмөт юридикалык жактарга ОСАГОну калтырууну сунуштады

Жолдо бузулган автоунаа. Бишкек, Кыргызстан. (Архивдик сүрөт)

Министрлер кабинети автоунааларына милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) албаган юридикалык жактарга жана мамлекеттик мекемелерге ушул жылдын 1-апрелинен баштап айып пул салуу сунушун киргизди. Өкмөттүн тиешелүү токтому 25-февралда коомдук талкууга коюлган.

Ал эми жеке жактар 2024-жылдын 1-январынан тартып автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүшү зарыл.

Министрлер кабинети былтыр 16-декабрда токтом чыгарып, жол коопсуздугун караган инспекторлорго милдеттүү көрсөтүлө турган документтердин тизмесине камсыздандыруу полисин да кошкон.

Ага ылайык, быйыл 1-апрелден тартып текшерүү башталып, полис албаган айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынмак.

Коомчулукта милдеттүү камсыздандыруу полисинин киргизилишине нааразылыктар айтылып, бийлик анын мөөнөтүн жылдырган.

“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам 2015-жылы эле кабыл алынган. Документ 2016-жылы иштей баштамак.

Бирок камсыздандыруу полисинин баасы, төлөнчү кенемте, анын шарттары так аныкталбагандыктан жана айдоочулардын каршылыгынан улам жети жылдан бери ишке ашпай келатат. (BTo)

Дагы караңыз

8-марттагы жүрүштө кармалган кишинин иши сотко өттүНаристенин өлүмүнө шектүү алты дарыгердин иши тергелип бүтө элекИсабеков жүк ташуудагы монополия тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды Парламентте президенттин Оштогу өкүлү Жамалдиновго сын айтылды Грузия: башкаруучу партия талаштуу мыйзам долбоорун кайтарып алды УКМК: Тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды