Европа соту орусиялык ишкер, "Вагнер" менчик аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин апасына салынган санкцияны жокко чыгарды.
Виолетта Пригожина Евробиримдиктин "кара тизмесине" 2022-жылдын 3-мартында киргизилген эле.
Соттун чечимине байланыштуу маалыматта Пригожина уулу менен бирге "Конкорд" кейтеринг-компаниясынын ээси экени белгиленген. Бирок акциялары бар экенине карабай, 2017-жылдан бери ишкердин энеси компанияны башкарууга аралашкан эмес.
Евробиримдиктин кеңеши Пригожина уулу менен бирге дагы башка мүлккө ээлик кыларына далил тапкан эмес.
Евгений Пригожин 2020-жылдан бери Евробиримдиктин санкциялык тизмесинде. 2016-жылы АКШ ага санкция салган. Вашингтон аны АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен "троллдор фабрикасы" менен байланышы бар деп эсептейт.
Дагы караңыз
Алматыда аялдардын укугун жактагандар митингге чыгыштыГрузияда "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамга каршы митингде ондогон адам кармалды“Эркин кыз. Эркин Кыргызстан”. Бишкектеги жүрүш (видео)Бишкекте ак элечек энелердин жүрүшү өттүБУУ: "Талибан" аялдар үчүн дүйнөдөгү эң каардуу режимге айланды