Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:52

Алматыда аялдардын укугун жактагандар митингге чыгышты


Митингге мажбурлап турмушка узатылган кыздын жана зомбулукка кабылган аялдын образында чыккан активисттер.
Митингге мажбурлап турмушка узатылган кыздын жана зомбулукка кабылган аялдын образында чыккан активисттер.

Казакстандын Алматы шаарында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыз-келиндердин укугун жактагандар митингге чыгышты. Шаар борборунан алыс Ганди атындагы паркта өткөн иш-чарага миңге жакын адам чогулганын "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Активисттер негизинен сексуалдык зомбулукка каршылык билдирип, өлкөдө аялдарга кордук көрсөткөндөр көп учурда жазасыз каларына нааразылыгын айтышты.

Митингдин катышуучулары ыдык көрсөтүүгө каршы мыйзамды кабыл алууну да талап кылышты. Ошондой эле парламентте жана жогорку кызматтарда аялдардын санын көбөйтүүгө чакырышты.

Активисттер бул күнү жүрүш өткөрүүнү пландашкан, бирок шаардык акимчилик ага уруксат берген эмес.

XS
SM
MD
LG