Үйү түрттүрүлгөн Шаболотованын тамы кайра салына баштады

Марал Шаболотованын үйү 1-мартта соттун чечими менен түрттүрүлгөн.

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган Марал Шаболотованын үйү кайра салына баштады. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" өзү кабарлады. Анын ырасташынча, үйүнүн жерин талашып жаткан кошунасы Толкун Самудинова кызыл китепти мыйзамсыз алганы тууралуу президенттин администрациядан кабарлашкан.

“Мен төрт балам менен убактылуу батирде туруп жатам, ал жака өкмөттөн киргизишкен. Бүгүн үйүм турган жерге чакырып, мен жерди мыйзамдуу алганымды айтышты. Бүгүн, 8-марттан баштап эски үйдүн урандыларын тазалап, ордуна жаңы там тургузуу иштери башталды. Мен буга чейин тилкемди жер мунапысына ылайык менчиктештирүүнү көздөп документтеримди топтогон элем. Элге, жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазымын”,-деди Шаболотова.

Шаболотованын үйү соттун чечими менен 1-мартта буздурулган. Көп өтпөй 3-мартта конуштун айрым тургундары чогулуп, бийликтен адилет чечим чыгарылышын талап кылышкан. Бул окуядан кийин Ак-Ордого президент Садыр Жапаров барган.

Бул окуяда чыр чыгарды деген негизде Новопавловка айылдык кеңешинин бир депутаты беш суткага камалган.

Жер мунапысы токтомун жетиштүүу деңгээлде аткарган жок деген себеп менен президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Сокулук жана аламүдүн райондорунун акимдери иштен алынган.

Жер мунапысы тууралуу өкмөттүн токтомундагы талаш-тартыштуу 27-пункту жоюлган.

Дагы караңыз

Тилектештик маршы “Эркин кыз. Эркин Кыргызстан” урааны менен башталды Министрлик: Жалал-Абадда 1160 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт Америкалык генерал Орусия согушта 70тен ашык учагын жоготконун айттыЖалал-Абад: кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү Эрбол Султанбаев жаңы дайындалган акимдер кантип тандалганын айттыСадыр Жапаров лидер аялдарды сүрөөдө кескин чараларды убада кылды Грузия: "Чет элдик тыңчы" мыйзамын кабыл алуу тоз-тополоң менен коштолду