Бишкекте “Аялдар укугу үчүн” тилектештик жүрүшү башталууда

Kyrgyzstan. Bishkek. March for women's rights.

Бишкекте “Аялдар укугу үчүн” тилектештик жүрүшү башталууда. “Бишкек феминисттик демилгелери” уюму бүгүн 8-мартта уюштуруп жаткан марш “Эркиндик. Теңдик. Эже-сиңдилик” урааны менен өтүүдө.

Уюмдун билдиришинче, иш-чараны өткөрүү борбор калаанын мэриясы жана Ички иштер министрлиги менен макулдашылган. Жүрүштү "Азаттыктын" түз эфиринен көрө аласыздар.

Марштын катышуучулары жалпысынан эки чакырым аралыкты – Спорт ордосунан тартып Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып өткөнү жатышат.

8-мартта кыз-келиндердин шериктештик маршын өткөрүү соңку жылдары салтка айланууда. Бирок аялдардын укугун коргоо, аларга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы айтылган бул иш-чаралар ар кандай чагымчыл аракеттерге дуушар болгон учурлар да катталган. 2020-жылдын 8-мартында Бишкектин Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган митинг башталбай жатып аяктаган. (AiB)

Дагы караңыз

9-марттын аба ырайыЖаш ишкерлерди колдоо программасы ачылдыМинистрлик: Жалал-Абадда 1160 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт 8-март: шаанисин эмес, маанисин карайлыАмерикалык генерал Орусия согушта 70тен ашык учагын жоготконун айтты