9-мартта түнкүсүн Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 11…16;
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз 0...-5.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 13…15 градус болот.
Дагы караңыз
Жаш ишкерлерди колдоо программасы ачылдыМинистрлик: Жалал-Абадда 1160 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт Америкалык генерал Орусия согушта 70тен ашык учагын жоготконун айттыЖаңы мыйзам күчүндө: кайра экзамен, айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу