Министрлик: Жалал-Абадда 1160 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

Жалал-Абаддагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардын бири. Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунда кооптуу аймактарда жашагандарды жер котортуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мекеменин эсебинде, аталган облуста сел, жер жана кар көчкү сыяктуу табыгый кырсыктар болушу мүмкүн болгон аймакта кеминде 1160 үй-бүлө жашап жатат.

"Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кооптуулугу жогору аймактардан жашоочуларды убактылуу коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлган. Адистер жашоочулар көчүүнү каалабаса мажбурлоо ирээтинде көчүрүү керек экенин белгилешет",-деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан төрт миңдей үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана аларга көчүп кетүү зарылдыгы эскертилген. Алардын теңине мамлекеттен кайтарымсыз акча жана жер берилгени менен көбү жер которгон эмес. Буга чейин мындай аймактарда бир катар табыгый кырсыктар орун алган.

Дагы караңыз

Америкалык генерал Орусия согушта 70тен ашык учагын жоготконун айттыЖалал-Абад: кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Өзбекстанга бардыБолот Абдыжапаров Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды Украина менен Орусия өз ара туткундарды айырбаштады Эрбол Султанбаев жаңы дайындалган акимдер кантип тандалганын айттыСадыр Жапаров лидер аялдарды сүрөөдө кескин чараларды убада кылды Грузия: "Чет элдик тыңчы" мыйзамын кабыл алуу тоз-тополоң менен коштолду