Америкалык генерал Орусия согушта 70тен ашык учагын жоготконун айтты

Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Польшада тартылган сүрөт.

Украина согуш маалында Орусиянын 70тен ашык аскердик учагын атып түшүрдү. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын аскерий аба күчтөрүнүн генералы Жеймс Хеккер Колорадодо конференцияда билдирди.

Генералдын ырасташынча, эки тараптан тең аскердик учактардын аз кыйрашын авивциянын жапырт колдонулушун чектеген натыйжалуу абадан коргонуу системалары менен түшүндүрсө болот.

Мунун алдында Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак Patriot абадан коргонуу системалары Украинага жеткирилгенин билдирген. Киев мындай жабыдуулар алынганын азырынча ырастай элек.

Орусия Украинага басып киргенден кийин НАТОго мүчө өлкөлөр Чыгыш Европада абадан коргонууну чыңдай баштаган. Германия баштаган аталган альянстын ондон ашык союздашы былтыр октябрда абадан коргонуу системаларын, анын ичинде америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексин биргелешип сатып алуу демилгесин көтөргөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык зениттик-ракеталык комплекстин дараметин сындап, ал орусиялык С-300 сыяктуу иштебестигин, "эски система" экенин айткан.

Дагы караңыз

Жалал-Абад: кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Өзбекстанга бардыБолот Абдыжапаров Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды Украина менен Орусия өз ара туткундарды айырбаштады Эрбол Султанбаев жаңы дайындалган акимдер кантип тандалганын айттыСадыр Жапаров лидер аялдарды сүрөөдө кескин чараларды убада кылды Грузия: "Чет элдик тыңчы" мыйзамын кабыл алуу тоз-тополоң менен коштолду