Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-мартта Өзбекстанга жумушчу сапар менен барды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, ал сапардын жүрүшүндө бул өлкөдөгү өнөр-жай, өндүрүш жана илимий-техникалык ишканаларда болот. Ошондой эле расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугат.
"Акылбек Жапаров Жизак облусундагы Манас айылында жашап жаткан этникалык кыргыздар менен дагы кездешүүнү көздөп жатат",-деп жазылган маалыматта.
Кыргыз өкмөт башчысы Өзбекстанда канча күн болору айтылган жок.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ушул жылы 26-27-январь күндөрү Кыргызстанда эки күндүк мамлекеттик сапар менен болгон жана анын алкагында чек ара баштаган бир катар документтерге кол коюлган.
Дагы караңыз
Болот Абдыжапаров Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды Украина менен Орусия өз ара туткундарды айырбаштады Эрбол Султанбаев жаңы дайындалган акимдер кантип тандалганын айттыСадыр Жапаров лидер аялдарды сүрөөдө кескин чараларды убада кылды Грузия: "Чет элдик тыңчы" мыйзамын кабыл алуу тоз-тополоң менен коштолду