Украина менен Орусия өз ара туткундарды айырбаштады

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Киев 1993 жаранын туткундан бошотту.

Украина менен Орусия 7-мартта дагы туткундарды алмашты. Ага ылайык, 130 украиналык жана 90 орусиялык өз мекенине кайтарылды. Бул маалыматты украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак менен Орусиянын Коргоо министрлиги бышыктады.

Украинага кайтып келгендердин арасында чек арачылар, Улуттук Гвардиянын жоокерлери жана төрт аял бар. Ермак жалпысынан Мариуполдун 87 коргоочусу бошотулганын алардын көбү "Азовсталь" заволун кайтарып турганда колго түшкөнүн билдирди. Ал туткундардын көбү оор жарадар экенин белгиледи.

"Бахмут менен Соледарда туткунга түшкөндөрдү кайтардык. Жалпысынан Донецк багытынан 35 адам мекенине келди",-деди Ермак.

Орусиянын Коргоо министрлиги кайтарылган туткундарга медициналык жардам муктаж экенин кабарлады.

Киев менен Москва буга чейин 101 адамга 101 форматында февраль айынын ортосунда өз ара туткун айырбаштаган. Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Киев 1993 жаранын туткундан бошотту.

Дагы караңыз

Эрбол Султанбаев жаңы дайындалган акимдер кантип тандалганын айттыСадыр Жапаров лидер аялдарды сүрөөдө кескин чараларды убада кылды Грузия: "Чет элдик тыңчы" мыйзамын кабыл алуу тоз-тополоң менен коштолдуҮй түрттүрүлгөн окуяда чыр чыгарган айылдык кеңештин депутаты камалды Канат Жумагазиев Садыр Жапаровдун Чүйдөгү өкүлү болуп дайындалдыЖер мунапысы тууралуу өкмөттүн токтомунун 27-пункту жоюлду