Польшанын коргоо министри Patriot системалары Украинага берилгенин айтты

Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Польшада тартылган сүрөт.

Patriot абадан коргонуу системалары Украинага жеткирилгенин Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак испаниялык La Razon басылмасына курган маегинде айтты.

Ал Польшанын Украинаны коргоого колдоо көрсөтүүгө катышуудагы ролу жөнүндө сүйлөгөндө Варшава жардам берүү пункту гана эмес, ири донор экенин да кошумчалады.

"Согуш башталгандан бери Украинага 2 миллиард 200 миллион евродон ашык курал-жарак өткөрдүк", - деди ал.

Украинанын Коргоо министрлиги Patriot абадан коргонуу системаларын алгандыгын ырастай элек. 18-январда министрлик украин аскерлеринин АКШда аталган зениттик-ракеталык комплекстерин колдонуу боюнча машыгуусу 10 аптага созуларын кабарлаган.

Орусия Украинага басып киргенден кийин НАТОго мүчө өлкөлөр Чыгыш Европада абадан коргонууну чыңдай баштаган. Германия баштаган НАТОнун ондон ашык союздаштары былтыр октябрда абадан коргонуу системаларын, анын ичинде америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексин биргелешип сатып алуу демилгесин көтөрүшкөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык зениттик-ракеталык комплекстин дараметин сындап, ал орусиялык С-300 сыяктуу иштебестигин, "эски система" экенин айткан.

Дагы караңыз

Түркия: Эрдоганга Кылычдароглу атаандаш болот Президенттин Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акими кызматтан алындыУкраинанын бардык аймагында кайрадан абадан эскертүү берилди Рита Карасартова президент Жапаровго абактагы аялдар боюнча кайрылды