Евробиримдиктин Орусияга экспорту эң төмөнкү деңгээлге түштү

Иллюстрация. Орусиянын желегинин фонундагы кулпу Москвага салынган санкциялардын таасири катары сүрөттөлөт.

Кремлдин Украинага басып киргенине байланыштуу 2022-жылы Евробиримдиктин Орусияга экспорту 2012-жылдын берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Бул тууралуу Евростаттын маалыматында айтылат.

Көрсөткүч бир жылда 38% төмөндөп, 55,2 миллиард еврону түздү. 2012-жылы мындан эки эсе жогору болгон.

Айрыкча, жабдуулардын жана транспорт каражаттарынын экспорту 59% кыскарды. Башка өнөр жай товарлары 39% азайды. Бул бизнес үчүн олуттуу көйгөйгө айланганын Орусиянын Борбордук банкы белгилеген. Тамак-аш азыктарынын жана суусундуктардын экспортундө маселе жок.

Орусиядан Евробиримдикке импорт 203,4 млрд. еврону түзүп, бир жыл ичинде 24% өскөн. 2012-жылы 203,6 млрд. евро болгон. Көбү энергия импортуна таандык.

Ошол эле учурда Евростат мунай санкциялары иштей баштаган 2022-жылдын март айына салыштырмалуу декабрда Орусиядан импорттун жалпы көлөмү 53% азайганын белгилейт.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага бастырып киргенден бери АКШ жана Евробиримдик Москвага бир катар экономикалык санкцияларды салды. Быйыл январь-февраль айларында мунай жана газдан түшкөн киреше өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46% кыскарганын өлкөнүн Каржы министрлиги билдирди.

Дагы караңыз

Түркия: Эрдоганга Кылычдароглу атаандаш болот Президенттин Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акими кызматтан алындыУкраинанын бардык аймагында кайрадан абадан эскертүү берилди